Аялдар лидерлиги онлайн академиясына катышуучуларды кабыл алуу жарыяланат
Аялдар лидерлиги онлайн академиясына катышуучуларды кабыл алуу жарыяланат
ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси аймактык, муниципалдык кадрлар резервине киргизилген, ошондой эле Кыргызстандын бардык аймактарынан лидерлик сапаттарын жогорулатууну каалаган лидер аялдар үчүн Аялдар лидерлиги онлайн академиясы ишке киргизип жатат.
Аялдар лидерлиги онлайн академиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 62 Жарлыгы менен бекитилген 2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин колдоо боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программасын ишке ашыруу максатында уюштурулууда.
Аялдар лидерлиги онлайн академиясы2024-жылдын 1-майынан 30-июнуна чейин өтөт жана катышуучуларга: аялдардын лидерлиги, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, коомдук башкаруу, программалык бюджеттөө, долбоорлорду жана өнүктүрүү программаларын башкаруу, гендердик саясат, чыр-чатактарды башкаруу, эмоцияларды башкаруу жана стресске туруктуулук, адам ресурстарын башкаруу, команданы өнүктүрүү, калкты социалдык мобилизациялоо, социалдык ишкердүүлүк ж. б. сыяктуу темалар боюнча керектүү билимдерди берет.
Окутуу онлайн режиминде ар кандай формада өтөт: тренингдер, презентациялар, консультациялар, мастер-класстар, саясатчы аялдар, эксперттер менен жолугушуулар.
Аялдардын лидерлиги онлайн академиясында окууга ким өтүнмө бере алат:
мамлекеттик органдарда жана ЖӨБОдо иш тажрыйбасы бар аялдар;
шайлоого катышуу, саясий партияларда жана жарандык коомдук уюмдарда гендердик теңчиликти жана аялдардын лидерлигин илгерилетүү боюнча иш тажрыйбасы бар аялдар.
Окутуу тили: кыргыз, орус тилдери
Аялдар лидерлиги онлайн академияга катышуу үчүн сураныч, шилтеме боюнча өтүнмөнү толтуруңуз: