Альянс Женских Законодательных Инициатив
Добавим наш взгляд на законы!
Let’s Add Our Vision on Laws and Regulations!
Мыйзамдарга өз көз карашыбызды кошолу!

Аялдардын Лидерлик Онлайн Академиясы

        Аялдардын лидерлик академиясынын студенттери академияда 2021 -жылдын август айынан бери окуп жатышат. Окутуу онлайн режиминде Аялдардын мыйзам чыгаруу демилгелери альянсынын платформасы (www.awli.kg) аркылуу жүрүүдө, окуулар тренингдер, укуктук консультациялар, мастер -класстар, саясатчы аялдар менен жолугушуулар форматында өтүүдө.

        Августтан азыркы мезгилге чейин лидер аялдар аялдардын саясий укуктары боюнча билимин күчөтүштү, шайлоо мыйзамдарынын жаңылыктары менен таанышышты, Кыргыз Республикасынын Парламентине жана жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышуунун эрежелерин, гендердик талдоо, гендердик сезимтал пландаштыруу жана бюджетти түзүү көндүмдөрүн өздөштүрүштү.

        Аялдардын лидерлик академиясынын студенттери үчүн тренингдерди жана консультацияларды өлкөнүн алдыңкы эксперттери жана юристтери өткөрүүдө. Лидер аялдар ошондой эле гендердик теңчилик идеяларын жайылтуу боюнча саясий партиялардын эл аралык тажрыйбасы менен таанышты жана аялдардын лидерлиги боюнча мастер –класстарга  катышышты.

        Аялдардын Лидерлик Онлайн Академиясынын студенттери октябрдын ортосуна чейин созула турган окуусун активдүү улантууда.

Поделиться