Альянс Женских Законодательных Инициатив
Добавим наш взгляд на законы!
Let’s Add Our Vision on Laws and Regulations!
Мыйзамдарга өз көз карашыбызды кошолу!

Добуш берүүнү уюштуруу жана тартиби, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө жобого БШК тарабынан киргизилген өзгөртүүлөр боюнча эксперттик түшүндүрмө

Акыркы окуяларга жана коомдо жүрүп жаткан активдүү талкууларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (БШК) тарабынан КР БШКнын 2020-жылдын 26-июнундагы №121 «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын аныктоону уюштуруунун тартиби жөнүндө Жобого өзгөртүүлөр киргизилген.

Бул чечим КР БШКнын ченемдик укуктук актыларын “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 64-беренесинин 4-бөлүгүнүн талаптарына ылайык келтирүү максатында, ошону менен айрым коомдук уюмдардын кайрылуусуна ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4 жана 8-беренелерин жетекчиликке алуу үчүн кабыл алынган.

«Социалдык технологиялар агенттиги» Коомдук бирикмеси КР БШК тарабынан киргизилген өзгөртүүлөр боюнча эксперттик түшүндүрмө берүүнү чечти:

2021-жылдын 15-декабрындагы жыйынында Кыргыз Республикасынын БШКнын 2020-жылдын 26-июнундагы №121 «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын аныктоону уюштуруунун тартиби жөнүндө Жобо жөнүндө» токтомунда саясий партиялар алган жалпы мандаттардын санынын 30пайыздан кем эмеси шайлоочулардын эӊ көп добушун алган аялдардын арасында бөлүштүрүүдө так эместиктер жоюлду:

Партиянын мандаттарынын жалпы саныАялдар үчүн резервделген мандаттардын саны

  (30% кем эмес)

Түшүндүрмө
Бул БШКнын 15.11.21деги жобосунда болгонКонституциялык мыйзамга ылайык канча болушу керек
Саны%Саны%
7 мандат228,57%342,86+1 мандат аялдарга;

эгерде 2 мандат болсо, анда 28,57% гана болот, бул мыйзам бузуу болуп саналат.

20 мандат735,0%630,00— 1 мандат аялдар үчүн; 7 мандат болгон, бирок мыйзам боюнча 6 мандат жетиштүү
23 мандат834,78%730,43— 1 мандат 8 мандатка ээ болгон, бирок мыйзам боюнча 7 мандат жетиштүү
26 мандат934,62%830,77— 1 мандат 9 мандатка ээ болгон, бирок мыйзам боюнча 8 мандат жетиштүү

 

Ошентип, КР БШКнын Регламентине киргизилген өзгөртүүлөр аны “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайык келтирүүгө багытталган,тактап айтканда, 64-беренесинин 4-бөлүгүнүн талаптарына ылайык “Саясий партиялар алган мандаттарды бөлүштүрүүдө, алгач жалпы мандаттардын санынын 30пайыздан кем эмеси шайлоочулардын эӊ көп добушун алган аялдардын арасында бөлүштүрүлүшү керек».

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун алкагында “Социалдык технологиялар агенттиги” коомдук бирикмеси де-юре конституциялык кепилдиктердин, эркектер менен аялдардын бирдей шайлоо укуктары жана мүмкүнчүлүктөрү сакталышын, жана тең укуктуулукту камсыз кылуу боюнча эл аралык милдеттенмелердин талаптарын талдоо жана саясий чөйрөдө гендердик басмырлоого жол бербөө максатында шайлоо процессине гендердик мониторинг жүргүзүүдө.

Поделиться