Альянс Женских Законодательных Инициатив
Добавим наш взгляд на законы!
Let’s Add Our Vision on Laws and Regulations!
Мыйзамдарга өз көз карашыбызды кошолу!

Европа Биримдиги

Европа Биримдиги – бул континенттин көпчүлүк бөлүгүн ээлеген, Европа Биримдигинин 27 мамлекетинин ортосундагы уникалдуу экономикалык жана саясий союз. Европа Биримдигинин негизги баалуулуктары – адамдын кадыр-баркын жана укуктарын сыйлоо, эркиндик, элдин бийлиги, тең укуктуулук жана мыйзам-ченемдик мамлекет болуп саналат. Бул баалуулуктар мүчө-мамлекеттерди бириктирет жана Европа Парламенти бул баалуулуктардын Европа Биримдигинин мыйзамдарында чагылдырылышына кам көрөт.

Европа Биримдиги жана Кыргыз Республикасы өлкө 1991-жылы көз карандысыздыкка ээ болгондон бери өнөктөш болуп келишүүдө. Бул мамилелердин башталышынан бери, ЕС Кыргызстанды реформаларды жүргүзүүдө колдоп келген. Демократия, адам укуктарын сактоо жана эркин соода сыяктуу жалпы баалуулуктарды бөлүшүү менен, Кыргызстан ЕС үчүн Борбор Азиядагы маанилүү өнөктөш болуп саналат.

Саясий байланыштар

Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасы менен өнөктөштүгүнүн саясий негиздери 1999-жылкы Өнөктөштүк жана кызматташуу келишиминде (Partnership and Cooperation Agreement – PCA) түптөлгөн. Бул келишим Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы байланыштарын бекемдөөнү көздөйт.

Эки тараптык мамилелердин өнүгүшү жана кызматташтык үчүн жаңы багыттардын пайда болушу менен, Европа Биримдиги жана Кыргыз Республикасы Терең өнөктөштүк жана кызматташтык келишимин талкуулашты. Бул келишим ге кол коюу 2020 жылы күтүлүүдө.

Кыргыз Республикасы “Европа Биримдиги жана Борбор Азия: кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр” стратегия аркылуу да өнөктөш болуп саналат.

Жарандык коомдун диалогу

Жарандык коомдун субъектилери адам укуктарын жана сөз эркиндигин илгерилетүүдө маанилүү рольду ойнойт. ЕБ мамлекеттик эмес субъектилерди кубаттоо аркылуу жарандык коомдун ролун бекемдөөгө себепкер.

ЕБ жарандык коомду жана адам укуктарын илгерилетүүдө колдонгон маанилүү инструменти Демократия жана адам укуктары үчүн Европалык инструмент (EIDHR) болуп саналат.

EIDHR башкы максаттары :

  • демократиялык мекемелерди орнотууга жардам берүү;
  • адам укуктарын коргоонун соттук жана соттук эмес механизмдерин бекемдөө;
  • адам укуктарын мониторинг кылуу боюнча окутууну камсыз кылуу;
  • маалымат каражаттарынын көз карандысыздыгын сүрөө;
  • өлүм жазасынын алып салынышын колдоо;
  • аялдардын укуктарын жана аялуу топтордун укуктарын бекемдетүү.

Өнүгүү үчүн кызматташуу

Өнүгүү үчүн эки тараптык кызматташуу 2014-2020 жылдар аралындагы Көп жылдык индикативдик программасына негизделет, программанын жалпы бюджети 174 млн. евро. Ал үч негизги тармакка арналган:

  • Билим берүү (71,8 млн. евро)
  • Мыйзамдын үстөмдүгү (37,8 млн. евро)
  • Айыл жергелеринин комплекстүү өнүгүүсү (61,8 млн. евро)

Муктаждыктарды карап чыгуу жана мамлекетке керектүү жардамды көрсөтүү максатында КР менен тыгыз кызматташтыкта ЕБ тарабынан 2021-2027 жылдарына арналган жаңы Көп жылдык индикативдик программасы иштеп чыгарылат.

Эки тараптык программалардан тышкары, Кыргыз Республикасы регионалдык программалардын артыкчылыктары менен да колдонуп келет. Мисалы, Орто Азиядагы Европа Биримдигинин Инвестициялык механизми аркылуу (IFCA), Европа Биримдиги гранттар түрүндө негизинен суу тармагындагы инвестициаларды колдоо үчүн 90 млн. еврого жакын каражат бөлүп берген.

Адам укуктары

Европа Биримдиги адам укуктарын, мыйзам үстөмдүүлүгүн жана демократиянын жайылуусун Орто Азия үчүн узак мөөнөттүү саясий туруктуулук жана экономикалык өнүгүүнүн негизи деп эсептейт.

Жакында кабыл алынган Европа Биримдигинин Орто Азия боюнча стратегиясы адам укуктары боюнча Орто Азиянын беш мамлекети менен диалог түзүүнүн пландарын да камтыйт. Бул диалог төмөнкүлөр үчүн чечүүчү мааниге ээ:

  • өз ара кызыкчылык жана кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулоо;
  • ЕБнин адам укуктары боюнча тынчсызданууларын угузуу;
  • маалымат чогултуу жана талап кылынганда адам укуктары боюнча кырдаалды жакшыртуу демилгелерин баштоо.

ЕБ 2008-жылдан бери жыл сайын Кыргыз Республикасы менен адам укуктары боюнча эки тараптуу диалогду өткөрүп келет. Ошондой эле ЕБ жарандык коом үчүн адам укуктары боюнча эксперттер коомчулугунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен ар кандай семинарларды уюштуруп келет.

Кыргыз республикасындагы Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгүнүн веб-сайты

“Данило Дольчи” чыгармачыл өнүктүрүү борбору (Италия)

“Данило Дольчи” чыгармачыл өнүктүрүү борбору – бул негизги тармагы билим берүү болуп саналган, жаштардан жана улуулардан куралган комерциялык эмес уюму.

Уюм Палермонун жанындагы эки чоң эмес шаарларда, Трапетто жана Партиникодо, ошондой эле жалпы Сицилия аймагында иштешкен улуу пацифист Данило Дольчи жана анын кызматкерлеринин окутуу жана иштөө тажрыйбасынан пайда болгон. Элдин өзүн-өзү талдоосунун, зордук-зомбулуксуз күрөшүүнүн, миңдеген адамдар катышкан чогулуулардын жардамы менен чыныгы өзгөрүүлөргө жана өнүгүүгө шарт түзүү мүмкүнчүлүгү бар эле. Данило Дольчи жана анын кызматкерлери тарбынан биринчи уюм Изилдөөлөр жана демилгелер борбору деп аталчу жана 50-жылдары уюштурулган. Анын максаты жергиликтүү жана регионалдык (Сицилия) деңгээлдерде социалдык, экономикалык, маданий жана билим берүү тармагындагы өнүгүүгө көмөктөшүү болуп саналчу. Кийинчерээк негизги максаты мектептерде, окуу жайларында өз ара маквтикалык мамилени (Данило Дольчи тарабынан иштелип чыккан инновациялык мамиле) жайылтуу жана мугалимдерди, тарбия берүүчүлөрдү ушул инновациялык жана гумандуу билим берүү методологиясына даярдоо болуп саналган, Чыгармачыл өнүктүрүү борбору деп аталган уюмга айланган. 1998 жылы Данило Дольчинин каза болушунан кийин, уюм “Данило Дольчи” чыгармачыл өнүктүрүү борбору деп атала баштаган.

Учурдагы уюмдун негизги максаттары:

  • Данило Долчынын өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө маалыматты жайылтуу;
  • Өз ара маевтикалык мамилеге негизделген балдардын, жаштардын жана чоңдордун билим алышына көмөктөшүү;
  • Мектеп контекстинде жана эл аралык деңгээлде өз ара маевтикалык мамилени жайылтуу;
  • Тынчтык жана зомбулуксуз рухта тарбиялоо;
  • Маданий, социалдык жана жарандык өнүгүү куралы катары топтордо иштөөнү үйрөтүү;
  • Жаштар арасында жигердүү жарандык позицияны жана катышуу демократиясын үндөө;
  • Өнүгүү процессине калктын бардык катмарларынын жигердүү катышуусуна көмөктөшүү.

Уюм ушул максаттарга жетүүгө аракет кылган негизги иш-аракеттер:

  • Мектептерде, университеттерде, уюмдарда жана мекемелерде маевтикалык мамилелер боюнча семинарларды уюштуруу;
  • Данило Дольчинин жашоосу жана чыгармачылыгы жөнүндө маданий-билим берүү иш-чараларын уюштуруу;
  • Данило Дольчинин жазган китептеринин кайрадан басып чыгаруу, анын эң маанилүү чыгармаларын чогулткан жаңы антологияларды уюштуу;
  • Зомбулуксуздук, тынчтык, активдүү катышуу жана өз ара колдоо темалары боюнча ар кайсы өлкөлөрдүн жаштары катышкан европалык долбоорлорду уюштуруу (семинарлар, тренингдер жана башкалар);
  • Артыкчылыктуу ыкма катары өз ара маевтикалык мамилени колдонуу менен чоңдордун билим берүү чөйрөсүндөгү европалык долбоорлорду уюштуруу.

“Данило Дольчи” чыгармачыл өнүктүрүү борборунун веб-сайты

«Социалдык технологиялар агенттиги» коомдук бирикмеси

Социалдык технологиялар агенттиги (СТА) – бул миссиясы билим берүү, социалдык активдүүлүктү колдоо жана жарандардын өз алдынча уюштуруусу аркылуу Кыргызстандын коомдук өнүгүүсүнө көмөктөшүү болуп саналган коомдук бирикме.

СТА өз ишмердүүлүгүндө мамлекеттик органдар, жарандык коом уюмдары менен конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү жана теңчилик саясатын алга жылдырууга кызыкдар болгон бардык топтордун жана уюмдардын ортосундагы координациянга көмөктөшүүнү көздөйт. СТА тарабынан жүзөгө ашырылган бардык долбоорлор жана иш-чаралар топтордун социалдык активдүүлүгүн жогорулатуу жана өзүн-өзү уюштуруу өнөрүн өркүндөтүү максатында белгилүү бир социалдык топтор менен иштөөгө (аялдар, этникалык азчылыктар, жаштар, министрликтердин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери), ошондой эле мамлекеттик органдардын жарандык коом уюмдары менен өз ара мамилелерин бекемдөөгө багытталган.

Учурда СТАнун артыкчылыктуу максаттуу тобу социалдык лидер боло ала турган аялдар болуп саналат, ал эми негизги багыт улуттук жана жергиликтүү деңгээлдеги мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү аркылуу гендердик теңчилик саясатын илгерилетүүгө багытталган.

СТА ошондой эле гендердик теңчилик саясатын илгерилетүү жана аялдардын кыймылын чыңдоо боюнча жигердүү жана натыйжалуу иштеген алдыңкы өкмөттүк эмес уюмдарынын бири. Социалдык технологиялар агенттигинин эксперттери, 2001-жылдан баштап, республиканын бардык региондорундагы лидер аялдардан түзүлгөн “Аялдар бардыгын жасай алат!” аттуу Кыргызстандагы биринчи улуттук аялдар тармагын түзүүнү демилгелеген жана БДИПЧ ОБСЕ (2001-2006) узак мөөнөттүү программасынын алкагында методикалык, эксперттик, техникалык, маалыматтык жана уюштуруучулук жардам көрсөткөн. Бүгүнкү күндө бул тармак ишин улантууда жана СТАнын региондордогу негизги өнөктөштөрдүн бири болуп саналат. CTА шайлоо мыйзамдарындагы гендердик квоталар, Конституцияда мамлекеттин светтик принцибин сактоо, көп аялдуулук үчүн кылмыш жазасын сактоону, гендердик мыйзамдарды өркүндөтүүнү жана өкмөттө гендердик саясат жаатындагы ыйгарым укуктуу органды түзүү боюнча үгүт кампанияларын жүргүзүүдө локомотив жана ой жүгүртүү борбору катары иш алып барган.

Долбоор мамлекеттик органдар менен кызматташтыкта ишке ашырылууда:

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги социалдык өнүгүү жана эмгек, анын ичинде калктын жашоо деңгээлин жана кирешелерин жогорулатуу; эмгек акы; пенсия жана социалдык камсыздоо; эмгек шарттары жана аны коргоо; социалдык өнөктөштүк жана эмгек мамилелери; демографиялык саясат; социалдык коргоо, анын ичинде үй-бүлөлөрдү, жаш балдарды, кары-картаң жарандарды; сфераларында мамлекеттик саясатты жана башкарууну жүргүзүүчү; ошондой эле ушул багыттар боюнча башка мамлекеттик органдардын ишин координациялоочу борбордук аткаруучу болуп саналат.

Министирлик төмөнкү негизги маселелерди чечет:

  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн негизги иш-аракеттеринин алкагында социалдык өнүгүү жана эмгек, эмгек акы, социалдык өнөктөштүк жана эмгек мамилелери, калкты социалдык коргоо, пенсия жана социалдык камсыздоо, үй-бүлөлөрдү жана балдарды, улгайган жарандарды колдоо, демография жаатындагы мамлекеттик социалдык саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
  • мамлекеттик социалдык саясаттын негизги багыттарын жана артыкчылыктарын тууралоо жана жүзөгө ашыруу, социалдык өнүгүү программаларын ишке ашырууну координациялоо жана методикалык камсыз кылуу, эмгекти жана эмгекти коргоо жаатындагы иш-аракеттерди координациялоо;
  • өз компетенциясынын чегинде эмгек, эмгекти коргоо жана эмгек шарттары, социалдык коргоо, калктын пенсиялык коопсуздугу, социалдык ченемдерди жана минималдуу социалдык стандарттарды иштеп чыгуу жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү;
  • калктын жашоо деңгээлин жана кирешелерин жогорулатуу, эмгек акыны уюштурууну, мамлекеттик жөлөкпулдар жана компенсациялык төлөмдөр тутумун өркүндөтүү, ошондой эле пенсиялык камсыздоону өркүндөтүү боюнча чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
  • коргоо, коопсуздук жана гигиена талаптарына жооп берген шарттарда жарандардын конституциялык укуктарын жүзөгө ашыруунун жолдорун жана натыйжалуу ыкмаларын иштеп чыгуу;
  • ооруп калганда жана майып болгондо, кош бойлуулукта жана төрөтдө, өндүрүштүк жаракат алууда жана кесиптик ооруга чалдыккан учурларда, ошондой эле иштеген жарандардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден-соолугун чыңдоо боюнча чараларды көрүү менен жарандарды социалдык жактан камсыз кылуу саясатын жүргүзүү;
  • социалдык кызматтарды реформалоо жана социалдык коргоо, саламаттыкты сактоо, билим берүү жаатындагы социалдык кызматтарды текшерүү, ошондой эле өкмөттүк эмес уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрүнө мониторинг жүргүзүү;
  • гуманитардык жардамды таратуунун, эсепке алуунун жана бөлүштүрүүнүн укуктук, уюштуруучулук негиздерин өркүндөтүү, гуманитардык жардамды уюштурууну координациялоо.

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин сайты

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги (мындан ары Министрлик) Кыргыз Республикасынын жарандарынын билим алуу тууралуу конституциялык укугун камсыздоочу, билим берүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн көзөмөлдөөчү, билим берүү жана илим тармагындагы башкарууну ишке ашыруучу жана бул тармакта мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү аткаруу бийлигинин борбордук мекемеси болуп саналат.

Министрлик өзүнүн иштерин аткаруу бийлигинин башка мекемелери менен, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен, коомдук бирикмелер менен, илимий жана башка уюмдар менен биргеликте жүргүзөт.

Министрликтин негизги максаты болуп билим берүү жана илим, илимий-техникалык ишмердүүлүк тармагындагы мамлекеттик саясатты калыптандыруу саналат.

Министрликтин негизги милдеттери болуп:

  • инсандын кесипкөйлүгүн калыптандырууга, арттырууга багытталган билим берүү тутумун түзүү;
  • билим берүүнүн сапатын арттыруу;
  • илимий ишмердүүлүктү өнүктүрүү үчүн жолдорду жана шарттарды түзүү саналат.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин сайты

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүүгө ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин борбордук мамлекеттик органы болуп саналат. Министрликтин ишинин максаты маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүн туруктуу өнүктүрүү болуп саналат.

 Министрликтин маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

  • маданият, маалымат жана туризм чөйрөлөрүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
  • тарыхый-маданий мурастарды сактоо, пайдалануу жана өнүктүрүү;
  • элдик чыгармачылыкты өнүктүрүү, жарандардын маданий турмушка катышуусу жана калктын бош убактысын уюштуруу үчүн шарттарды түзүү;
  • Кыргыз Республикасында маданият жана маалымат чөйрөсүндөгү бирдиктүү маалымат мейкиндигин түзүүнү камсыз кылуу;
  • жалпыга маалымдоо каражаттарын, полиграфия ишканаларын өнүктүрүү, китеп чыгаруу жана полиграфия продукцияларын жайылтуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча сунуштарды киргизүү;
  • туризм объекттерин жана инфраструктураларын өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу инвестициялык шарттарды түзүү боюнча сунуштарды киргизүү;
  • туристтик сектор көрсөтүүчү кызматтардын сапатынын жогорулашына көмөк көрсөтүү;
  • туризм үчүн жагымдуу өлкө катары Кыргызстандын кадыр-баркын калыптандыруу жана колдоо.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы № 109 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аткаруу органдарынын тутумундагы функционалдык жана структуралык өзгөрүүлөр жөнүндө” токтому менен түзүлгөн.

Агенттиктин негизги милдеттери:

  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун уюштуруучулук, укуктук, финансылык жана экономикалык негиздерин өркүндөтүү жана чыңдоо;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин өркүндөтүү, алардын жергиликтүү жамаат алдындагы жоопкерчилигин күчөтүү;
  • мыйзам менен корголуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун укуктарын жана таламдарын коргоо;
  • муниципалитеттер аралык кызматташуу үчүн шарттарды түзүү;
  • Кыргыз Республикасында улуттар аралык ынтымакты жана жалпы жарандык бирдейликти чыңдоо;
  • Кыргыз Республикасында этникалык топтордун эркин жана бирдей өнүгүшү жана алардын укуктарын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү;
  • этникалык көп түрдүүлүктү натыйжалуу өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин веб-сайты

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы дин жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана аны жүзөөгө ашыруу боюнча иш жүргүзгөн жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын дин жаатындагы ишмердүүлүгүн координациялаган Кыргыз Республикасынын борбордук органы болуп саналат.

Мамлекеттик комиссиянын негизги милдеттери:

  • диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
  • жарандардын абийир жана дин тутуу эркиндигин камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн актыларына жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык мамлекет менен диний уюмдардын ортосундагы мамилелерди координациялоо;
  • дин тутуу эркиндигинин укуктук кепилдиктерин камсыз кылуу, мамлекет менен диний уюмдардын ортосундагы мамилелерди укуктук жөнгө салууну андан ары өркүндөтүү;
  • диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ишин координациялоо;
  • баалуулуктарды, принциптерди, светтик, поли-конфессиялык коомду жайылтууну камсыз кылуу;
  • жарандардын ден-соолугуна, адеп-ахлагына, укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына, конституциялык түзүлүштүн негиздерине, мамлекеттик коопсуздукка зыян келтирүүчү же коркунуч келтирген диний уюмдардын ишин колдонуудагы мыйзамдарга ылайык токтотуу;
  • республиканын аймагында диний экстремизмди алдын алуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу боюнча мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү;
  • коомдун руханий жана адеп-ахлак негиздерин чыңдоого, чыр-чатактардын алдын алууга жана ар кандай диндердин жана конфессиялардын жолдоочуларынын ортосунда өз ара толеранттуулук мамилелерин орнотууга багытталган программаларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
  • адамдын дин тутуу эркиндигине болгон укуктарын жүзөгө ашыруу жана сактоо жаатында мыйзамдык базаны өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүү.

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын веб-сайты