АЯЛДАРДЫН ЛИДЕРЛИГИ ЖАНА ИНКЛЮЗИВДҮҮЛҮКТҮН МААНИЛҮҮЛҮГҮ: МАЙЫПТЫГЫ БА АЯЛДАРДЫ КОЛДОЙЛУ
2024-жылдын 1-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде аялдардын лидерлиги жана анын заманбап коомго тийгизген таасири боюнча маанилүү диалог болуп өттү.Аялдардын лидерлиги жана анын заманбап коом үчүн мааниси тууралуу талкууларда майыптыгы бар аялдарга көңүл буруу зарыл. Алар көп учурда кабылган тоскоолдуктарга жана стереотиптерге карабастан, биздин коомдо маанилүү ролду ойнойт.Жолугушууда “InKoom” долбоорунун координациясы менен даярдалган, майыптыгы бар аялдардын жана кыздардын кызыкчылыгын коргогон 5 аялдан турган “БИЗ БАРБЫЗ!” тобу сөз сүйлөштү.