Альянс Женских Законодательных Инициатив
Добавим наш взгляд на законы!
Let’s Add Our Vision on Laws and Regulations!
Мыйзамдарга өз көз карашыбызды кошолу!

Материалдар

  • Үй-бүлөдөгү зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жергиликтүү комитет боюнча биргелешкен буйрук жана типтүү жобо

    Типтүү жобо Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан биргелешкен буйрукка кол коюлгандан кийин күчүнө кирди. Бул документ ар бир жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жергиликтүү комитеттерди түзүүгө негиз болот. Үй-бүлөдөгү зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жергиликтүү комитет - бул мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнөн жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн ыктыярдуу негизде түзүлгөн жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, аялдардын, балдардын, карылардын жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктарынын бузулушун алдын алуу боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташуу үчүн түзүлгөн туруктуу коллегиалдуу орган. Комитеттин негизги максаты үй-бүлөдөгү зомбулуктун, үй-бүлөдөгү аялдардын жана кыздардын укуктарынын бузулушун алдын алуу болуп саналат.