Альянс Женских Законодательных Инициатив
Добавим наш взгляд на законы!
Let’s Add Our Vision on Laws and Regulations!
Мыйзамдарга өз көз карашыбызды кошолу!

Аялдар лидерлиги онлайн академиясына катышуучуларды кабыл алуу жарыяланат

Мыйзамдуулук Демилгелеринин Аялдар Альянсы аймактык, муниципалдык кадрлар резервине киргизилген, ошондой эле Кыргызстандын бардык аймактарынан лидерлик сапаттарын жогорулатууну каалаган  лидер аялдар үчүн Аялдар лидерлиги онлайн академиясы ишке киргизип жатат.

Аялдар лидерлиги онлайн академиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 62 Жарлыгы менен бекитилген 2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин колдоо боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программасын ишке ашыруу максатында уюштурулууда.

Аялдар лидерлиги онлайн академиясы 2024-жылдын 1-майынан 30-июнуна чейин өтөт жана катышуучуларга: аялдардын лидерлиги, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, коомдук башкаруу, программалык бюджеттөө, долбоорлорду жана өнүктүрүү программаларын башкаруу, гендердик саясат, чыр-чатактарды башкаруу, эмоцияларды башкаруу жана стресске туруктуулук, адам ресурстарын башкаруу, команданы өнүктүрүү, калкты социалдык мобилизациялоо, социалдык ишкердүүлүк ж. б. сыяктуу темалар боюнча керектүү билимдерди берет.

Окутуу онлайн режиминде ар кандай формада өтөт: тренингдер, презентациялар, консультациялар, мастер-класстар, саясатчы аялдар, эксперттер менен жолугушуулар.

Аялдардын лидерлиги онлайн академиясында окууга ким өтүнмө бере алат:

  • аймактык кадрлар резервине киргизилген аялдар;
  • муниципалдык кадрлар резервине киргизилген аялдар;
  • мамлекеттик органдарда жана ЖӨБОдо иш тажрыйбасы бар аялдар;
  • шайлоого катышуу, саясий партияларда жана жарандык коомдук уюмдарда гендердик теңчиликти жана аялдардын лидерлигин илгерилетүү боюнча иш тажрыйбасы бар аялдар.

Окутуу тили: кыргыз, орус тилдери

Аялдар лидерлиги онлайн академияга катышуу үчүн сураныч, шилтеме боюнча өтүнмөнү толтуруңуз:

Кыргыз тилинде: https://forms.gle/eDEKnJBJVd9ETVvp9

Орус тилинде: https://forms.gle/gPKaPMNCPUWyLM5d8

Өтүнмөлөр 2024-жылдын 25-апрелине чейин кабыл алынат.

Тандалып алынган талапкерлерге маалымат 2024-жылдын 30-апрелине чейин берилет.

Бардык суроолор боюнча Римма Султановага: rsultanova564@gmail.com, Tel./WA: +996 777 242 354  жана  Алёна Муховиковага: muhovikova17@gmail.com , Tel./WA: +996 555 812 251. кайрылыңыздар.

Кызыгууңузду билдиргениңиз үчүн рахмат!

 

Бөлүш