Альянс Женских Законодательных Инициатив
Добавим наш взгляд на законы!
Let’s Add Our Vision on Laws and Regulations!
Мыйзамдарга өз көз карашыбызды кошолу!

“ДаткАйым – Гендердик теңчиликке жаңыча жетишүү” долбоору

Долбоор 2019-2022-жылдары “Социалдык технологиялар агенттиги” коомдук уюму (Кыргыз Республикасы) жана “Данило Долчи” чыгармачыл өнүктүрүү борбору (Италия) тарабынан Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылат. (Демократияны жана адам укуктарын колдоонун Европалык инструменти – 2018-2019-жылдары Кыргызстанды колдоонун мамлекеттик программасы). Долбоор мамлекеттик органдарды, жарандык коомдук уюмдарды, билим берүү уюмдарын, массалык маалымат каражаттарын гендердик теңчиликти жайылтууда колдоого жана гендердик басмырлоону алдын алууга, коомдун бардык деңгээлинде гендердик позитивдүү маалыматтарды жайылтууга багытталган.

Долбоордун негизги максатыбилим берүү, массалык маалымат каражаттар чөйрөсүндөгү гендердик жана социалдык дискриминацияны пропагандалоону жоюу аркылуу, ошондой эле 5- Туруктуу өнүгүү максатына ылайык гендердик дискриминацияга натыйжалуу жана жемиштүү таасир этүү аркылуу коомдо терең тамырын жайган патриархалдык жүрүм-турумдун өзгөрүүсүнө көмөктөшүү.

Долбоордун конкреттүү максаттарына багытталган негизги иш-чаралар:

  1. 2018-2020-жылдары гендердик теңчиликти камсыз кылуучу Улуттук иш-аракеттер планынын жана 2020-жылга чейинки Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясынын максаттарын ишке ашыруу үчүн стандарттардын жана окуу усулдарынын милдеттүү дискриминацияга каршы жана гендердик экспертизасынын туруктуулугуна көмөктөшүү, Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин гендердик компетенттүүлүгүн жогорулатуу.

Долбоор Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине жана башка билим берүү уюмдарына стандарттардын жана окуу усулдарынын дискриминацияга каршы жана гендердик экспертизаны киргизүүгө, билим берүү кызматкерлеринин гендердик компетенттүүлүгүн жогорулатууга, кесип тандоодо гендердик стереотиптерди өзгөртүүгө багытталган кыздар үчүн маалыматтык кампанияны өткөрүүгө көмөк көрсөтөт. Ата-энелеринин диний ишенимдерине, патриархалдык маданий ченемдерине, эрте никеге байланыштуу кыздардын мектептен чыгып кетишине каршы күрөшүү үчүн жарандык коом уюмдары, анын ичинде өлкөнүн бардык аймактарындагы диний уюмдар жана дин кызматкерлери менен кызматташуу жүргүзүлөт.

  • 2018-2020-жылдарга гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Улуттук иш-аракеттер планынын 31.3 милдетин ишке ашырууну колдоо максатында гендердик сезимтал журналистиканын стандарттарын иштеп чыгууга жана жайылтууга көмөктөшүү.

Долбоордун алкагында ММКлар менен биргеликте, ЮНЕСКОнун гендердик сезимтал медиа боюнча сунуштарына ылайык, гендердик сезимтал журналистика стандарттары иштеп чыгарылат жана ишке ашырылат. Журналистика адистерин даярдоодо ушул стандарттарды колдонууда ЖОЖна методикалык колдоо көрсөтүлөт. ММК, гендердик өкмөттүк эмес уюмдар жана эксперттер ортосундагы кызматташууну өркүндөтүү.

  • Гендердик маселелер боюнча жооптуу министрликтердин, ведомстволордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистеринин потенциалын жогорулатуу аркылуу улуттук жана жергиликтүү деңгээлде гендердик дискриминациянын жана зомбулуктун алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык кызматташтыкты өркүндөтүү.

Гендердик саясатты жүзөгө ашыруу, гендердик дискриминацияны алдын алуу жана ага улуттук жана жергиликтүү деңгээлде жооп кайтаруу үчүн ведомстволор аралык кызматташууну өркүндөтүү максатында мамлекеттик кызматчылар, гендердик маселелери боюнча жооптуу министрликтер жана ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн иш-чаралар жана тренингдер өткөрүлөт. Жергиликтүү жамааттардын деңгээлинде үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча комитеттердин ишин түзүүдө методикалык жана маалыматтык жардам. Жарандык коом уюмдарынын гендердик күн тартибин илгерилетүү максатында мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен натыйжалуу өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгүн күчөтүүгө көмөктөшүү.

Долбоордун продукттары жана жыйынтыктары:

  • Долбоордун артыкчылыктуу багыттары боюнча гендердик изилдөөлөр жана аналитикалык серептер
  • Артыкчылыктуу багыттардын алкагында гендердик маселелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук документтер
  • Долбоордун максаттуу топтору үчүн кыргыз жана орус тилдеринде методикалык колдонмолор, окуу куралдары
  • Кыргыз жана орус тилдериндеги тренингдик модулдар, окутуучу курстар, анын ичинде онлайн форматта
  • Кыргыз жана орус тилдеринде видеороликтер, маалымат жана билим берүүчү материалдар, маалыматтык кампаниялар жана акциялар
  • Бардык деңгээлде натыйжаларды жайылтуу жана максаттуу топторду тартуу боюнча иш-чаралар