Альянс Женских Законодательных Инициатив
Добавим наш взгляд на законы!
Let’s Add Our Vision on Laws and Regulations!
Мыйзамдарга өз көз карашыбызды кошолу!

8-март Эл аралык тилектештик күнүнө карата лидер аялдардын жыйыны өттү

2024-жылдын 5-мартында Аялдардын Мыйзамдуулук Демилгелеринин Аялдар Альянсы 8-март – Аялдардын укуктарын жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү эл аралык тилектештик күнүнө арналган лидер аялдардын жолугушуусун уюштурду.

Альянс жөнүндөгү презентация учуру

Жолугушууга КР Жогорку Кеңешинин депутаттары, аялдардын укугун коргогон уюмдардын өкүлдөрү жана эксперттер катышты.

Катышуучуларга Альянстын тарыхы, максаттары, иштөө принциптери жана келечеги тууралуу презентация жасалып, кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Альянс – 2008-жылы, 1908-жылы Нью-Йоркто аялдардын өз укуктары үчүн биринчи маршынын 100 жылдыгына карата түзүлгөн юридикалык жана жеке жактардын формалдуу эмес бирикмеси. Ошол маалда шайлоо системасына гендердик квоталарды киргизүү мүмкүн болгондугу Кыргызстандагы аялдар кыймылына дем берген. Мунун натыйжасында парламентте аялдардын нөлдүк өкүлчүлүгү биздин өлкөдө кайталанбайт.

Альянстын максаты аялдардын саясий үнүн жана таасирин күчөтүү
гендердик багыттагы мыйзам чыгаруу демилгелерин илгерилетүү жана гендердик саясатты ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү. Альянстын тарыхы, ишмердүүлүгүнүн принциптери жана жетишкендиктери тууралуу кененирээк маалыматты төмөнкү сайттан тапса болот: http://www.awli.kg/

Бөлүш