Альянс Женских Законодательных Инициатив
Добавим наш взгляд на законы!
Let’s Add Our Vision on Laws and Regulations!
Мыйзамдарга өз көз карашыбызды кошолу!

АЯЛДАРДЫН, БАЛДАРДЫН, МАЙЫПТЫГЫ БАР АДАМДАРДЫН, УЛГАЙГАН АДАМДАРДЫН ЖАНА БАШКА АЯЛУУ ТОПТОРДУН УКУКТАРЫН КОРГОО БОЮНЧА ЖАРАНДЫК КООМ УЮМДАРЫНЫН КАЙРЫЛУУСУ

Аялдардын, балдардын, майыптыгы бар адамдардын, улгайган адамдардын жана башка аялуу топтордун укуктарын коргоо боюнча жарандык коом уюмдары, чет өлкөлүк өкүлдөр жөнүндө деп аталган мыйзамды кабыл алуу социалдык жактан кыйраткыч, талкалоочу зыяндарга алып келет деп эсептешет жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын аны кабыл албоого чакырат!

Бейөкмөт уюмдарына – чет өлкөлүк өкүл деген жаӊы макамды белгилөө чет өлкөлүк каржылоону алган + саясий ишмердүүлүк менен алектенген улуттук Бейөкмөт уюмдары таанылат, бул укук коргоо жана ар түрдүү аярлуу топторго жардам берүү боюнча кызматтарды көрсөтүшкөн социалдык чөйрөдө иштеген Бейөкмөт уюмдарына тиешеси жок деген ката жана жаӊылыш көз караш болуп саналат. Мыйзам долбоорунда саясий ишмердүүлүк деген абдан кеӊири жана бүдөмүк түшүнүк киргизилүүдө, ага ылайык саясий ишмердүүлүк мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган чечимдерге, алар тарабынан жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясатты өзгөртүүгө, аталган максатта коомдук ой пикирди калыптандырууга багытталган ар бир кыймыл-аракет таанылат.

Мындай чечмелөө боюнча гендердик теӊ укуктуулук, үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулуктан коргоо жана сактоо, балдарды, майыптыгы бар адамдарды, улгайган жана башка аярлуу топторду коргоо чөйрөсүндөгү бардык Бейөкмөт уюмдарынын ишмердүүлүгү саясий ишмердүүлүк деп эсептелип калуусу мүмкүн, себеби алардын ишмердүүлүгү ушул социалдык топторго карата мамлекеттик саясатты ишке ашырууга багытталган. Мындай Бейөкмөт уюмдары жарандардын аталган категорияларына, мейли мамлекет зарыл жардамдарды толук жана тиешелүү сапатта бере албаган шарттарда болсун социалдык кызматтарды көрсөтүп эле коюшпастан, ошондой эле мамлекеттик органдар менен коомдук сүйлөшүүдө ал жарандардын үнү, алардын кызыкчылыктарын билдирүүчү, жеткирүүчү болуп эсептелишет.

Көп учурда Бейөкмөт уюмдарынын активисттери укук коргоо, балдардын, аялдардын, улгайган адамдардын, майыптыгы бар адамдардын коопсуздугу жаатындагы орун алып жаткан көйгөйлөрдү документтештиришет, жарандардын аталган топторуна тиешелүү мыйзамдарды аткаруу жана мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жаатындагы түзүлгөн тажрыйбаны өзгөртүүгө карата конкреттүү коомдук суроо-талап түрүндө жеткиришет жана жалпылаштырышат, мунун негизинде алардын укуктарын коргоо боюнча мамлекеттик чараларды жеткиликтүү кылуу, мыйзамдардын ченемдерин өзгөртүү, жаӊы механизмдерди киргизүү зарылчылыгын түшүнүү жана сынчыл ой жүгүртүү жаралат.

Алсак, мисалы дал ушул Бейөкмөт уюмдарынын активисттери төмөнкүдөй маанилүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү активдүү түрдө илгерилетишкен жана кабыл алынуусуна жетишишкен:

Парламентке элдик демилге усулун киргизүү (36 миӊ жарандын колу) жана 2003-жылы парламент тарабынан КРнын «Үй-бүлөлүк зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө» Мыйзамынын, КРнын «Гендердик теӊ укуктуулуктун мамлекеттик кепилдиктеринин негиздери жөнүндө» Мыйзамынын кабыл алынышы. Ошондой эле, 2008-жылы КРнын «Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө» Мыйзамынын – жаӊы редакциясын илгерилетүү жана кабыл алынышы;

2007-жылы конституциялык реформанын алкагында Конституцияга эркектердин жана аялдардын укуктарынын жана эркиндиктеринин теӊ укуктуулугу жана бирдей мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө атайын берененин киргизилиши;
Парламенттик, шаардык жана айылдык кеӊештердин шайлоолорунда бир катар гендердик квоталарды лоббирлениши жана мыйзамдык алкакта бекемделиши, мунун негизинде бүгүнкү күндө Жогорку Кеӊеште, шаардык жана айылдык кеӊештерде көптөгөн аял-депутаттар бар;
Никеге турууга мажбурлоо, эрте, балдар никелери үчүн кыздады зомбулуктуу жол менен уурдаган акылга сыйгыс резонанстуу, ырайымсыз үй-бүлөлүк зомбулук окуяларынан кийин жана мамлекеттик органдардын аракетсиздиги боюнча коомдук сын пикирлерден кийин Бейөкмөт уюмдарынын эксперттеринин активдүү катышуусунда кылмыш-жаза мыйзамына толуктоолордун киргизилиши (зомбулуктуу, эрте никелерди криминалдаштыруу, ага тиешеси бар бардык жарандардын жоопкерчилигин аныктоо, «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» Мыйзамынын жана башка 10 мыйзамдардын жаӊы редакцияларын кабыл алуу), ошондой эле гендердик зомбулуктун алдын алуу, токтотуу жана күрөшүү боюнча бардык субъекттердин өз ара аракеттенишүүсү жана координациялоо процедураларынын иштелип чыгуусу жана ишке киргизилиши;
Кыргызстан тарабынан Майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндө Конвенциянын ратификацияланышы;
2020-жылга чейин КРнын гендердик теӊ укуктуулукка жетишүү боюнча улуттук стратегиясын ишке ашыруу боюнча 2012-2014-жылдарга карата, 2015-2017-жылдарга карата, 2018-2020-жылдарга карата Улуттук иш аракеттер пландарын, ошондой эле 2030-жылга чейин гендердик теӊ укуктуулукка жетишүү боюнча КРнын Улуттук стратегиясын ишке ашыруу үчүн 2022-2024-жылдарга карата Улуттук иш аракеттер пландарын иштелип чыгышы жана ишке ашырылуусу;
2022-2026-жылдарга карата аялдардын ишкердигине колдоо көрсөтүү боюнча Мамлекеттик программанын иштелип чыгуусу жана ишке ашырылышы;
2018-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо боюнча Программасынын иштелип чыгуусу;
Мыйзамдарга гендердик экспертиза жүргүзүлүшү;
Шайлоолорго гендердик мониторинг жүргүзүлүшү;
Шайлоолордо талапкерлер жана шайлоочулар катары катышуу үчүн аялдарды, өзгөчө аймактардагы аялдарды активдештирүү, окутуу жана колдоо көрсөтүлүүсү;
Өзгөчө кырдаалдар учурларында социалдык мобилзациялоо жана калктын аярлуу катмарларына жардам көрсөтүлүшү (Баткен окуялары, Covid-19 учурларында, элдик кошуундар ж.б.);
Бул тизмени чексиз түрдө уланта берсе болот.

Бүгүнкү күндө өлкөдө гендердик зомбулук менен күрөшүү, кыздардын, аялдардын, майыптыгы бар адамдардын, улгайган жана башка аярлуу топтордун укуктарын коргоо боюнча жасалып жаткан иштердин дээрлик баардыгы Бейөкмөт уюмдарынын активдүү катышуусунда ишке ашырылууда жана дал мына ушул Бейөкмөт уюмдары мамлекеттик органдарга ал жарандар кабылып жатышкан көйгөйлөр жөнүндө объективдүү, ишенимдүү маалыматтарды беришет жана алардын абалдарын кантип жакшыртуу керектиги, бул топтор менен иштөө, аларга тие турган терс зыяндарды жумшартуу боюнча мыйзамдык, институционалдык механизмдер деӊгээлинде кандай өзгөртүүлөрдү жүргүзүү зарыл экендиги жөнүндө сунуштамаларын беришет.

Муну менен катар эле, чет өлкөлүк өкүлдөр жөнүндө мыйзамдын долбоору ушул аракеттердин баардыгын «саясий ишмердүүлүк» катары квалификациялап калат жана ага чектөө киргизет, бул болсо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2-беренесинин 2-бөлүгүнүн тамгасына жана жана турпатына, маӊызына чейин карама-каршы келет «2. Кыргыз Республикасында элдик бийлик бийликтин толугу менен элге таандыктыгы, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, мамлекеттин жана коомдун иштерин башкарууга эркин жана реалдуу жеткиликтүүлүк принциптерине негизденет».

Бул макамдын ишке киргизилиши мыйзадуу ишмердүүлүгүн алып барып жаткан Бейөкмөт уюмдарын кысымга алуу, анын ичинде адвокация боюнча дагы коомдук дебаттарга катышууга чейин кысымга алуу тобокелчилигин олуттуу түрдө жогорулатат, ошондой эле мындай уюмдарга карата ишенимсиздиктин, коркунучтун жана душмандашуунун, анын ичинде коомчулук жана мамлекеттик мекемелер тарабынан дагы орун алуусун олуттуу деӊгээлде калыптандыруу тобокелчилигин бир топ жогорулатат.

Мамлекет менен өз ара аракеттенишүү менен Бейөкмөт уюмдары мамлекеттик башкаруу системасына төмөнкүдөй формаларда колдоо көрсөтөт:

өнүгүү суроолорун талкуулоо үчүн биргелешкен аянтчалар;
сектордук саясатты макулдашуу;
өз ара консултативдик жардамдар;
Бейөкмөт уюмдары жарандардын жана мамлекеттин ортосундагы байланыштыруучу звено;
мамлекеттик саясаттын ишке ашырылуусуна Бейөкмөт уюмдарынын күчү менен ыкчам мониторинг жүргүзүү;
мамлекеттик программаларды ишке ашыруу үчүн кошумча ресурстарды тартуу;
долбоорлорду чогуу ишке ашыруу.
Бейөкмөт уюмдары курч социалдык көйгөйлөр боюнча комплекстүү билимдер борборлорун түзүп турушат. Бейөкмөт уюмдарынын көпчүлүгү бир эле учурда укук коргоо ишмердүүлүгү жана чечим кабыл алуу (адвокация) жана кызмат көрсөтүү процесстерине катышуу менен алектенишет. Ишмердүүлүк формаларынын ийкемдүү түрдөгү аралаш мүнөзү Бейөкмөт уюмдарын – аярлуу топтордун көйгөйлөрүн аныктоодон баштап, анын чечилишине чейин коштогон комплекстүү билимдердин өзгөчө борборлору катары караштырат.
Бейөкмөт уюмдары аярлуу жарандардын 21 категориясы менен иш алып барышат, аларга үй-бүлөнүн, мамлекеттин жана бизнестин жардам көрсөтүүгө колу жетпеген жерлерде жардам көрсөтүшөт. Бейөкмөт уюмдары жардам беришет: жакыр турган жарандарга; жумушсуздарга; ички жана эмгек мигранттарына; турмуштук оор кырдаалдагы балдарга жана үй-бүлөлөргө; майыптыгы бар балдарга; мыйзам менен чатагы бар балдарга; мектепке чейинки балдарга, аялдарга; зомбулуктун жабырлануучуларына; алыскы жамааттардын жашоочуларына; соттолгон адамдарга; майыптыгы бар адамдарга; ВИЧ менен жашаган адамдарга; жалгыз бой энелерге жана аталарга; жаштарга; кичи жана орто бизнеске; бейтаптардын жамааттарына; улгайган адамдарга; мектеп окуучуларына; этникалык кыргыздарга; этникалык жамааттарга ж.б.
Мисалы, балдар уюмдары 30 жылдын ичинде майыптыгы бар балдарга, зомбулуктан жабыр тарткан балдарга жардам көрсөтүүчү ондогон болборлорду түзүштү, ал жерлерде миӊдеген балдар акысыз негизде жардамдарды алышууда. Балдар уюмдарынын күчү менен Баткен окуялары учурунда жабыр тарткан балдар үчүн балдар аянтчалары уюштурулду, чек арага жакын аймактардагы жүздөгөн балдарга кышкы кийимдер жана бут кийимдер сатып алынып берилди. Балдар уюмдарынын долбоорлорунун алкагында балдар үйлөрүндөгү жана майыптыгы бар балдар үчүн атайын интернаттардагы 300дөн ашык бала ата-энелери менен табышышты. COVID -19 пандемиясы убагында балдар уюмдары жакырчылыкта жашаган 400 ашык майыптыгы бар балдарга жардам көрсөтө алышты. Балдарга карата зомбулуктардын жана мектептердеги карама-каршылыктардын алдын алуу үчүн «111» балдар үчүн түз байланыш түйүнү жана «Зомбулуксуз мектеп» деген тарбиялык программа ишке киргизилди, бул 40 000 адамды кучагына ала алды. Бул жардамдын баары эл аралык уюмдардын колдоо көрсөтүүсү астында берилди.

2010-жылдагы апрель жана июнь окуялары убагында коомдук уюмдар «Спартак» элдик кошуунун түзүшкөн, анын курамы мугалимдерден, дарыгерлерден, жаштардан жана пенсионерлерден турган беш миӊ аялдан турган, алардын жардамынын негизинде дүкөндөр, май куючу жайлар, супермаркеттер мародерлордон корголуп калган. Ар жыл сайын «Менин баламды мектепке кабыл алгыла акциясынын» алкагында 4000 ашык ата-эне мектепке киргизүү жана документтерин кабыл алуу боюнча акысыз юридикалык жардамдарды алышат. Балдар уюмдарынын ишмердүүлүгү өтө чоӊ социалдык чыӊалууну жоюп турат. Кризисте турган балдарга коомдук жана эл аралык уюмдардын колдоо көрсөтүүсүнүн негизинде жардам берүү мамлекеттик органдар үчүн чоӊ колдоо көрсөтүү болуп саналат, себеби бардык чакырыктардын баардыгын жалгыздыкта жөнгө салуу оор болуп саналат.

2021-2022-жылдардагы Баткен облусундагы чек арадагы карама-каршылашуулар учурундагы саясий жетекчилик тарабынан чечкиндүү аракеттерди күтүү жарандык коомдун алдындагы олуттуу чакырык болуп калды. Чек арага жакын жайгашкан Баткендик жашоочулар үчүн гуманитардык мүнөздөгү жардамды уюштуруу жарандык коомдун бардык күчтөрүн мобилизациялоо артыкчылыктарынын бири болуп калды. Ошол учурда аныкталган маанилүү муктаждыктардын бири психологиялык жардам көрсөтүү болду. Бейөкмөт уюмдары тарабынан психологдордун көчмө (жеринде) жардам көрсөтүү үчүн мобилдик түрдө жардамга чыгуусу бир гана чек арага жакын айылдар үчүн гана уюштурулбастан, ошондой эле 2022-жылы Бишкек шаарынын ооруканаларына келип түшкөн жарадар аскерлерге жана тынч жашоочуларга карата дагы уюштурулду. Психологдор тарабынан 26 айылдагы чоӊ адамдар жана балдар үчүн жеке консультациялар өткөрүлдү жана 4621 адамды кучагына алды. Лейлек жана Баткен райондорундагы чек арага жакын жайгашкан 14 айылга мобилдик медициналык көчмө клиниканын жана дарыгер-адистердин (гинекологдун, терапевттин, онкологдун, маммологдун, УЗИ адистин) мультидисциплинардык көчмө командасынын баруусу уюштурулду, алар 2800 ашык аялдарды жана өспүрүм кыздарды текшерүүдөн өткөрүштү консультациялык кеӊеш беришти. Жергиликтүү Баткендик адистер биринчи психологиялык жардам көрсөтүүчү 5 мобилдик команданы түзүштү, кыздарга карата зомбулуктун алдын алуу жана чара көрүү үчүн секторлор аралык топтор даярдалды.

Мына ошондуктан, бүгүнкү күндө аялдар, балдар жана башка социалдык Бейөкмөт уюмдарынын ишмердүүлүгүн бир гана кайрымдуулук, жардам менен чектеп коюуга болбойт, себеби бул жасалып бүткөн зомбулукка, басмырлоого бир гана чара көрүү гана болуп калат, эӊ талкалоочу, зыянын тийгизүүчү тажрыйбаны эч өзгөртпөстөн жана мындай социалдык көйгөйлөрдү чечүү боюнча системалуу, комплекстүү ыкмаларды, алдын алуу чаралары боюнча саясий чара көрүүлөрдү кайра карап чыгууга мүмкүнчүлүк бербестен, аярлуу топтордун укуктарын чектөөгө айланат.

Зомбулук менен, балдардын укуктарынын майыптыгы бар адамдардын, аялдардын, улгайган адамдардын жана башка аярлуу топтордун укукарынын бузулушу менен күрөшүү боюнча бийлик органдарынын аракетсиздиктерин же натыйжасыз ишмердүүлүктөрүнө карата негизсиз сын пикирлерсиз, коомдук сүйлөшүүлөрсүз, тактап айтканда коомчулуктун саясатка катышуусуз (кеӊири мааниде), коомчулук менен кайтарым байланыштарсыз мамлекеттик органдар кырдаалды толук кандуу түшүнө алышпосу жана так, даана кайсы багытта иш алып баруу керектигин жана кайсы багытта саясий чечимдер зарыл экендигин биле албоосу мүмкүн.

Бейөкмөт уюмдарынын ишмердүүлүгүнүн чет жерден каржылануусу боюнча айта турган болсок – бул кеӊири дүйнөлүк тажрыйба. Бейөкмөт уюмдары бүгүнкү күндө донорлор аркылуу көрсөтүлүп жаткан колдоону олуттуу түрдө мыйзамда бекитилген формаларда алышат. Мындан тышкары, эл аралык уюмдар профилдүү Бейөкмөт уюмдары социалдык топтордун муктаждыктары жөнүндө жакшы маалымдар экендигин, мыкты экспертизага жана квалификацияга ээ экендигин, ошондой эле максаттуу топтордун ишенимдерине ээ экендигин таануу аркылуу Бейөкмөт уюмдарынын долбоорлоруна, демилгелерине каржылык жардам көрсөтүшөт. Бейөкмөт уюмдары тиешелүү мамлекеттик органдарга жана донорлорго бардык зарыл отчетторду берип турушат.

Бейөкмөт уюмдары бүгүнкү күндө мамлекеттик бюджет аркылуу толук жабуу мүмкүн болбогон чөйрөлөр үчүн өлкөгө зарыл инвестицияларды мына ушундайча тартышат[1]. Алсак, мисалы:

Бейөкмөт уюмдары ар жыл сайын ички дүӊ өндүрүмгө 0,3 % салым кошушат – мейманканалык бизнес менен бирдей эле. 2021-жыл үчүн активдүү иштеп жаткан Бейөкмөт уюмдары 2 млрд. сомдон ашык суммадагы дүӊ кошумча наркты кошушкан (!) Өлкөнүн ички дүӊ өнүмүнүн үлүшүнөн алып караганда 2021-жылы активдүү иштеген Бейөкмөт уюмдарынын салымын 2021-жылы суу менен камсыздоо (ички дүӊ өнүмдүн 0,3%), экинчи сырье алуу (0,3%), мейманкана бизнеси (0,2%), административдик жана жардамчы ишмердүүлүк (0,3%), искусство, көӊүл ачуу жана эс алуу (0,4%) сыяктуу бүтүндөй бир секторлор менен салыштырууга болот;
2023-жылы 397 активдүү иштеген Бейөкмөт уюмдары өлкөнүн бюджетине 250 млн. сомдон ашык төлөшкөн, ал эми 2022-жылы – 363 млн.сом төлөшкөн, бул алсак 2022-жылы Бишкек шаары боюнча кыймылсыз-мүлккө карата алынган салык чогултуудан түшкөн киреше; бардык айылдык аймактардын жашоочуларынын айыл-чарбасына багытындагы эмес жерге төлөгөн жер салыгынан чогултулган сумма менен бирдей.
2022-жылы Бейөкмөт уюмдарынан алынган мамлекеттик кирешелердин көлөмү Бишкек шаарынан, башка шаарларды жана айылдык аймактарды кошкондо алынган роялтинин көлөмүнөн бир жарым эсеге ашкан (219 млн.сом);
Кыргызстанда мамлекеттик гендердик саясатты ишке ашыруу артыкчылыктуу түрдө өнүгүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн колдоо көрсөтүүсү астында жарандык коом уюмдары аркылуу ишке ашырылат. Алсак, КРнын 2020-жылга чейинки гендердик теӊ укуктуулукка жетишүү Улуттук стратегиясын ишке ашыруу боюнча 2012-2014-жылдарга карата, 2015-2017-жылдарга карата Улуттук иш-аракеттер пландарынын жалпы бюджети, ошондой эле КРнын 2030-жылга чейинки укуктуулукка жетишүү Улуттук стратегиясын ишке ашыруу боюнча 2020-2022-жылдарга карата, 2015-2017-жылдарга карата Улуттук иш-аракеттер пландарынын бюджети 40 млн. АКШ долларынан ашык сумманы түзгөн, муну менен чогуу эле аялдар жана гендердик бейөкмөт уюмдары Улуттук иш-аракеттер пландарындагы иш-чараларды ишке ашыруу үчүн гранттык негизде 33 млн. доллар тартышкан;
Саламаттыкты сактоо чөйрөсүндө Бейөкмөт уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн дүң кошумча наркы 2021-жылы 334 млн. сомду түзгөн;
Бейөкмөт уюмдары ар жыл сайын болжолдуу түрдө 600 миллион сомго товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу менен кичи жана орто бизнеске салым кошуп турат. Бейөкмөт уюмдары товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү артыкчылыктуу түрдө майда жана орто бизнестен сатып алышат: мейманканалар, тамактануу, транспорттук кызмат көрсөтүүлөр, керектелүүчү материалдар, имараттардын ичиндеги орун жайларды ижарага алуу, техника жана курулуш материалдары. Бейөкмөт уюмдары мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн болжолдуу түрдө ар жыл сайын 125 миллион сом төлөйт. Бейөкмөт уюмдары кылдат төлөөчүлөр болуп эсептелет – муниипалдык жана мамлекеттик ишканалар менен мекемелердин кардарлары, сууга, электр энергиясына, жылуулукка жана жылуу суу менен камсыздоого, почталык жана башка кызмат көрсөтүүлөргө туруктуу түрдө төлөп келет;
Бейөкмөт уюмдарынын кызматкерлеринин саны болжолдуу түрдө мамлекеттик кызматкерлердин саны менен барабар жана 17 миӊ адамды түзөт. Бейөкмөт уюмдарында активдүү иштеген адамдардын саны (ыктыярчыларды жана эксперттерди кошкондо 17 004 адам) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарындагы административдик мамлекеттик кызмат орундарынын штаттык бирдиктеринин саны менен бирдей (МКЖӨБ МАнын көрсөткүчү боюнча 2022-жылдын 31-декабрына карата 16 768 бирдик). Дайыма туруктуу түрдө иштеген Бейөкмөт уюмдарында дайыма иштегендер – 5800 чукул адамдар;
Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан жарандар үчүн кризистик борборлордун 95% Бейөкмөт уюмдарынын күчү менен уюштурулган жана иштейт. КРнын аймагынын чоӊ бөлүгүндө үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан жарандарга кызмат көрсөтүүлөрдү жана бай калкалоочу жайларды бир гана Бейөкмөт уюмдары беришет. 18 кризистик борбордун 1 (бирөө) гана муниципалдык болуп эсептелет, калгандары Бейөкмөт уюмдарынын колдоо көрсөтүүсү астында түзүлгөн жана иш алып барышат[2].
Чет өлкөлүк өкүлдөр жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алуу Бейөкмөт уюмдарынын ишмердүүлүгү кысымга алынуусуна жана чектелүүсүнө алып келет, бул болсо жарандык сектордон адам ресурстарынын кетүүсүнө, Бейөкмөт уюмдарынын жабылышына жана Бейөкмөт уюмдарына чет өлкөлөрдөн инвестициялардын кыскарышына же ал тургай токтоп калуусуна алып келет, бул болсо албетте аярлуу топтордун укуктарынын жана мүмкүнчүлүктөрүн коргоонун урап талкаланышына жана албетте социалдык чыӊалуунун өсүшүнө жана мамлекеттик органдарга ишенимдин төмөндөөсүнө алып келет.

Бейөкмөт уюмдары коомдук институту мамлекеттик органдардын жана аярлуу топтордун ортосундагы коомдук сүйлөшүүнү калыптандыруунун механизми, социалдык туруктуулуктун маанилүү деӊгээлдеги кепилдиги болуп эсептелет. Кайдыгер эмес жарандык активисттерге чет өлкөлүк агенттер деген ярлыктарды илүү менен, аларды жарандык активдүүлүк мейкиндигинен, социалдык жактан өзүн өзү уюштуруу сүрүп чыгаруу менен эч ким жеӊишке ээ болбойт, ал эми гендердик зомбулук, балдардын, майыптыгы бар адамдардын, улгайган адамдардын укуктарын коргоо көйгөйлөрү бир гана көбөйөт жана татаалдана берет.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын чет өлкөлүк өкүлдөр жөнүндөгү бул кыйраткыч мыйзам долбоорун кабыл албоого чакырабыз!

Бейөкмөт уюмдары берген, УСК берген маалыматка ылайык, кийинки сайтта

Бөлүш